КЫНДЫ ОТТУК ТАШ ЖАНА ZШМА КЕНИ
КЫНДЫ ОТТУК ТАШ ЖАНА ZШМА КЕНИ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Ат-Башы кыш-нан 60 км чыгыш тарапта, Ат-Башы суусунун алабында, Беш-Белчир тоосундагы Кынды ашуусунун түн. ж-а түш. жактарында, деңиз деңг. 3400–3600 м бийикте. 1965-ж. табылып, 1975–78-ж. геол. иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагында девондун башталышы м-н ортосунда пайда болгон эффузив-пироклаз тектери жатат. Арасында яшма м-н оттук таш катмарлары кезигет.
Оттук таш катмарынын калыңдыгы 7–12 м, уз 300 м. Өңү жашыл боз, көгүш, бозомук, кээде көгүш кызыл, темгилдүү, бозомук тактар бар, оймо-чиймелүү. Жакшы сайкалданат. Сайкалданган бети түрдүү түстүү нур чыгарып, кубулжуп турат. Чык кан блоктордун ө л чө мү 0,4x0,6x0,5 мге жетет. Яшманын линзалары сейрек учурайт. Калыңдыгы 5 м, уз. 10 м, өңү негизинен кызыл, күрөң кызыл, ачык кызыл. Жакшы сайкалданат. Оймо-чиймелери бир түрдүү, чаар аласында жашыл, көгүш кызыл түстөр байкалат. Болжолдуу ресурсу ондогон м3ге жетет. Кооз буюмдарды жасоого жарактуу.