КЫЛЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛЫЧ – 1) кыя чапма курал. К-тын көп түрү бар. Ал болот миздүү бөлүктөн ж-а саптан ту­рат да, кынга салынат. К-тын миздүү бөлүгү ийри болуп, томпок кырына миз чыгарылат, иймек кыры жумуру, учу учтуу келип, уз. 800– 900 мм, эни 30–35 мм болот. 6–7-к-да Чыгышта, кийин Россияда ж-а Европа өлкөлөрүндө пайда болгон. К-ты чапканда тийүү күчү көбүрөөк болгондой кылып, анын ийрилиги м-н оордук борбору бири бирине айкалыштырып жасалат.
Чыгыш элдеринин чабуу үчүн гана арналган К-ы көбүрөөк ийилген түрдө, европа элдериники түзүрөөк келет. Сабы түрдүүчө иштелет. Кыны жыгачтан жасалып, булгаары, сактыян же баркыт м-н капталат да, металл, күмүш, алтын

Кылыч: 1 – коло кылычтын байыркы түрү; 2 – скиф кылычы акинак; 3 – Рим кылычы гладиолус; 4 – байыркы орус кылычы (9–11- ж-а 12–13-к.); 5 – Жакынкы Чыгыштагы атчандар кылычы; 6 – кесүүчү кылыч; 7 – спорттук кылыч

. чегеленип кооздолот; К. сол ыптага байланат. 19–20-к-дагы К-тын кыны металлдан жасалып, никель, хром м-н капталган же сырдалган. 16- к-да Россияда К. аскер жарагы болгон. С п о р тт у к К. – спорттук фехтованиеде сайма ж-а кыя чапма курал; ал ийкемдүү болот миздүү бөлүктөн ж-а чөйчөк түрүндө тосмолуу саптан турат. Миздүү бөлүгүнүн туура кесилиши трапе­ция формасында болуп, учуна карата улам ич­кере берет да, учу 4x4 мм келген бөрк м-н аяктайт. К-тын жалпы уз. 105 смден ашпайт (миздүү бөлүгү 88 см), массасы 500 гга чейин; 2) өрмөк согууда колдонулуучу курал. Уз. 45–55 см, жазылыгы 15–17 см, калыңдыгы 3–5 см, бир кыры жукартылган сабы бар бычак түспөлүндөгү тактайча. Өрмөктөгү эриштин астынкы жиптерин үстүнө, үстүнкү жиптерин астына алмай-телмей өткөргөндө К. м-н салмактуу эки-үч согуп, ар­какты кынаптап турат.