КЫЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛОО – кыргыздарда жаңы туулган музоого жасалуучу ырым. Уузду бышырып, музоонун маңдайына, жонуна, куйругуна сүйкөп, «Кылоо­кылоо торпогум, алдыга барсаң бөрү жейт, арт­та калсаң ууру алат, орто жерден чыкпай жүр» дешип кылоолошкон.