КЫЛ КУЙРУК
КЫЛ КУЙРУК (Anas acuta) – өрдөктөр тукумундагы куш. Эркегинин ортонку куйрук канаты ичке ж-а узун (аты ошондон). Уз. 70 смге жакын. Ысык-Көл, Кочкор ойдуңдары ж-а Ат- Башы, Нарын өрөөндөрүндө көп кезигет. Топтошуп жашайт. Көбүнчө көл, дарыянын кургак, таштуу жээктерин байырлайт. Бир жылда эки жолу 2–3төн жумуртка тууйт. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, гүлү м-н азыктанат. К. к-тун саны аз болгондуктан, корукка алынып, Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.