КЫЛКАНДУУ БАЛЫКТАР
КЫЛКАНДУУ БАЛЫКТАР – чачыла канат балыктардын инфраклассы. Скелети (омуртка тутуму, кабыргалары) толук сөөккө айланган. Уз. 1 смден 5 мге чейин жетет. Денеси сөөктүү түрпү м-н капталган, кээ биринде түрпүсү жок. Сүзгүчтөрү курсагында, көкүрөгүндө же мойнунда жайгашкан. Сүзгүч канаттары тикендүү. Арткы ж-а заара-жыныс тешиги курсак сүзгүчтөрүнүн артында жайгашкан. Сүзгүч ыйлаакчасы демейдегидей, толтосу кеңейген. К. б-дын 33 түркүмү, 420 тукуму, 20 миңдей түрү Жер шарынын бардык деңиз ж-а туссуз сууларында жашайт. Айрым жыныстуу, кээ бирлери гана гермафродиттер. Уруктануусу көбүнчө сыртта жүрөт, жумуртка (икра) таштайт. Кээси тирүү тууйт (ганбузия ж. б.).