КЫЛКАНДУУ БАЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛКАНДУУ БАЛЫКТАР – чачыла канат балыктардын инфраклассы. Скелети (омуртка тутуму, кабыргалары) толук сөөккө айланган. Уз. 1 смден 5 мге чейин жетет. Денеси сөөктүү түрпү м-н капталган, кээ биринде түрпүсү жок. Сүзгүчтөрү курсагында, көкүрөгүндө же мойнун­да жайгашкан. Сүзгүч канаттары тикендүү. Арткы ж-а заара-жыныс тешиги курсак сүзгүчтө­рүнүн артында жайгашкан. Сүзгүч ыйлаакчасы демейдегидей, толтосу кеңейген. К. б-дын 33 түркүмү, 420 тукуму, 20 миңдей түрү Жер шары­нын бардык деңиз ж-а туссуз сууларында жа­шайт. Айрым жыныстуу, кээ бирлери гана гермафродиттер. Уруктануусу көбүнчө сыртта жүрөт, жумуртка (икра) таштайт. Кээси тирүү тууйт (ганбузия ж. б.).