КЫЛЖЫРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛЖЫРОВ Мина (1934-ж. т., Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Көк-Сай айылы) – малчы, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1986), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмг. сиң. устаты (1979). 1954-жыл­дан Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы 22-партсъезд атн. колхоздун баш чабаны. Он биринчи беш жылдыкта (1981–85) ар жүз койдон орто эсеп м-н 188ден козу, ар койдон 5,1 кгдан жүн кыркып алган. 1986-жылдан ирилештирилген чабандык бригаданын жетекчиси болуп иште­ген. 1987-ж. анын чабандык бригадасы ар жүз койдон (бардыгы 1560 кой) 141ден козу (1986-ж. 1013 койдун ар жүзүнөн 146дан козу), ар койдон 4,3 кгдан жүн (1986-ж. 5,2 кгдан жүн) кыркып алып, мамлекетке өткөргөн. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.