КЫЛДЫРООЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛДЫРООЧ – кооздоо ж-а жылуулоо максатында боз үйдүн чийи м-н керегесинин ортосуна тартылуучу терме таар. Көркөмдөлүп терилип согулган таардын 3–5 эни бириктирилип, кереге бою же андан пасыраак бийиктикте жасалган.