КЫЛА-КӨЛ
КЫЛА-КӨЛ , К ы л а а - К ө л – Чаткал кырка тоосунун түн.-чыгыш капталындагы көл. Сары-Челек коругунда, Сары-Челек көлүнөн 0,5 км түш. тарапта жайгашкан. Деңиз деңг. 1845 м бийикте жатат. Уз. 900 м, туурасы 600 м, аянты 0,6 км2, тереңдиги 20 мге жакын. Көлгө Сары-Челектен агып чыккан Тоскоол суусу (уз. 600–700 м) куюп, андан Сары-Камыш суусу башталат да, Кожо-Ата суусуна кошулат. Түш. бөлүгү саздак келип, жээгинде камыш өсөт. Айланасында дарактар отургузулган. Балык коё берилген.