«КЫЗЫЛ УЧКУН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗЫЛ УЧКУН» – 1927-ж. Кыргыз пед. техникумунда уюшулган адабий ийрим (кружок). Ага кыргыздын 1920-жылдары жаңыдан өсүп келаткан чыгармачыл интеллигенциясы, ад-т м-н иск-вого шыктуу жаштар (У. Абдукаимов, М. Абдукаримов, А. Айылчинов, Т. Байжиев, К. Баялинов, З. Бектенов, Ж. Бөкөнбаев, М. Дөг­дүров, К. Жантөшев, Т. Жолдошов, К. Жума­шев, К. Ибраимов, А. Идирисов, С. Карачев, Ш. Көкөнов, К. Маликов, С. Нааматов, К. Рахматуллин, Т. Саманчин, С. Сасыкбаев, Р. Шү­күрбеков, М. Элебаев, К. Эшмамбетов ж. б.) топ­толгон. Ийрим расмий болбосо да, бардык чыгармачыл уюмдардын милдетин аткарган. Ийрим кийин (1932) Кыргыз пед. ин-ту ачылганда да иштеген. Көптөгөн кыргыз акын-жазуучу, ад-тчы, педагог ж. б. кесип ээлери «К. у-дан» таалим алышкан.