КЫЗЫЛ-УРААН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-УРААН – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Үч-Терек айыл округу­на караштуу. Тартуулук суусунун боюнда, деңиз деңг. 1395 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 55 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 150 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 2683 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Эки орто мектеп, китепкана, айылдык амбулатория, почта бөлүмү, мечит бар. Тегирмендер, соода түйүндөрү иштейт.