КЫЗЫЛ-ТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТУУ , А к - Т е р е к – Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы кыштак. Ак-Терек айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш­нан 28 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. беке­тинен 60 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Кал­кы 1428 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Мукашева туулган.