КЫЗЫЛ-ТУУ 5
КЫЗЫЛ-ТУУ – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Кара-Коюн айыл округуна караштуу. Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2350 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 37 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 245 км. Кыштак 1923-ж. негизделген. Калкы 1704 (2009); негизинен мал асырайт. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.