КЫЗЫЛ-ТУУ 5

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТУУ – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Кара-Коюн айыл округуна ка­раштуу. Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2350 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Ат-Башы кыш-нан 37 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 245 км. Кыштак 1923-ж. негизделген. Калкы 1704 (2009); негизинен мал асырайт. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.