КЫЗЫЛ-ТОКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТОКОЙ – Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нундагы кыштак. Терек-Сай шаарча округуна караштуу. Деңиз деңг. 1200 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыш-нан 115 км түш. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 272 км. Калкы 1017 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.