КЫЗЫЛ-СУУ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ ЧОПО КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Орловка шаарчасынан 25 км түштүктө, деңиз деңг. 1880–2120 м бийикте. 1990-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен­дин калыңдыгы 40 мден 85 мге жетип, палеоген мезгилиндеги чопонун калың катмарынан түзүлгөн. Чопо кызыл түстө, илешчээк, эзилгич (1210–1240°С), жогорку дисперстүү, кум кошулмасы өтө аз (3% чейин), сууда эрүүчү туздар 0,01%ти түзөт, орт. ийкемдүүлүк саны – 12. Технол. сыноонун негизинде чопо «125», «175» мар­касындагы кыш алууга жарамдуулугу аныктал­ган. Пластифицирлөөдө, бургулоо эриндисин боёк катары колдонсо болот. Баланстагы запасы А категориясы б-ча 332 миң м3, В – 515 миң м3, С – 1555 миң м3.