КЫЗЫЛ-СУУ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Могол айыл округуна караштуу. Ачы токой чарбасынын аймагында, Арстанбап суусунун боюнда, деңиз деңг. 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар- Коргон кыш-нан 41 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 73 км. Кыштак 1914-ж. негизделген. Калкы 1005 (2011); неги­зинен токойчулукта ж-а мал чарбасында эмгек­тенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.