КЫЗЫЛ-СЕҢИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СЕҢИР , Ж а ң ы - Ч е к – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 23 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 28 км. Калкы 4037 (2009); негизинен кой багат ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж-а соода кылуучу жай-ар иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.