КЫЗЫЛ-САЙ КӨРҮСТӨНҮ
КЫЗЫЛ-САЙ КӨРҮСТӨНҮ – коло дооруна (6–8-к.) таандык археол. эстелик. Талас ш-нан 10 км түштүктө жайгашкан. 30дай мүрзөдөн турат. Алардын четине тегерете чарчы түрүндө таш тизилген; айрымдарына топурак эле үйүлгөн. Казуу мезгилинде (1960) аты м-н кошо коюлган маркумдун сөөгү табылган.