КЫЗЫЛ-ОРДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ОРДО (мурда А к - М е ч и т, П е т­р о в с к) – Казакстан Респ-ндагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо обл-нун адм. борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Т. ж. тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (а. и. Кудай Эне) ж. б. сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт з-ддору, эт комбинаты), целлюлоза-кар­тон, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, бут кийим, тигүү ж-а трикотаж, эмерек жасоочу ф-калары, о. эле бир нече АК иштейт. Ки­йинки жылдары шаардын арх-расы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) ж. б. салынды. К.-О-ну 1817-ж. Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–29-ж. Казак Респ-нын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-тех. окуу жайы, ун-ттер (а. и. Кы­зыл-Ордо мамл.), «Сейхун» академиясы, китеп­каналар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түш.-Ту­гай бассейни) казылып алынат.


Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004;