КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ 3

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ОКТЯ́БРЬ – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нундагы кыштак. К. Акназаров атн. айыл округуна караштуу. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 12 км түш.-чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 90 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 2365 (2009); неги­зинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо, дарыканалар бар. Эки тегирмен, май сыгуучу цех, үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.