КЫЗЫЛ МЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ МЫЯ (Glycyrrhiza) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Сойломо жоон тамыр-сабактуу, жабышкак жалбырактуу, көп жылдык чөп. Бийикт. 10–150 см, гүлү демейде күлгүн сары. Сары аары ж-а узун тумшук аары аркылуу чаңдашат. 15 түрү Евразия, Америка ж-а Түн. Африкада кезигет. 100 кг чөптө 41,2 тоют бирдиги бар, тоют катары пайдаланылат. Тамырынан дары жасалат, тамак-ашка колдонулат, ши­реси м-н жүн боё-

лот. К. м. – эгиндин отоо чөбү.