КЫЗЫЛ-КЫЯ ЧОПО КЕНИ
КЫЗЫЛ-КЫЯ ЧОПО КЕНИ , Э ш м е - Б у л а к к е н и Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Кызыл-Кыя ш-нан 23 км түш.-чыгыш тарапта, Караван өрөөнүндө. 1924-ж. табылган. Кен аймагында юра мезгилинде пайда болгон көмүр катмарлары, кумдук, конгломерат, чопо жатат. Карапалык чопо катмарынын калыңдыгы 0,7–9,6 м, уз. 1,8 кмге жетет. Чопонун өңү саргыч келип, чоюлгуч, жогорку сапаттагы карапа жасоого жарамдуу. Чопонун көлөмдүк салмагы – 0,72 г/см3. Суу сиңиримдүүлүгү 11,42–16,93%. Запасы С1 категориясы б-ча 256 миң т. Кен 1924-жылдан казылып, чоподон Кызыл-Кыя кыш з-ду отко чыдамдуу кыш даярдайт.