КЫЗЫЛ-КЫЯ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КЫЯ КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Ноокат, Баткен обл-нун Кадамжай р-ндорунун чек арасында, Кызыл-Кыя ш-нын түш.-чыгыш че­тинде, Кичи Алай тоосунун түн. этегинде. Кен 1898-ж. казыла баштаган. Аймагында палеозой, мезозой, кайнозой чөкмө тек катмарлары жа­тат. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон кумдук, гравелит, алевролит, чопо тектеринин ара­сында кездешет. Катмарлары ар кайсы жерде ар кандай санда. Ленин Комсомолу атн. ж. б. иштетилген шахта талааларында татаал түзү­лүштөгү «Негизги» деп аталган бир кабат, Кызыл-Кыя – Восточный участкасында 14 кабат, Караван участкасында 13 кабат белгилүү. Кабат­тардын калыңдыгы бир нече смден 13,13 мге че­йин өзгөрөт. Көмүр сапаты б-ча 3Б маркасына таандык, орт. күлдүүлүгү 16,5%тен 18,0%ке чейин, орт. күйүү жылуулугу 6650–6943 ккал/кгды түзөт. Консервацияланган Ленин Комсомолу атн. шахта талаасындагы көмүрдүн 21917 миң т запасы 1997-ж-га карата баланстан алынып ташталган. Кызыл-Кыя – Восточный участкасынын запасы 88,2 млн т.