КЫЗЫЛ-КЫЯ ГЛИЕЖ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КЫЯ ГЛИЕ́Ж КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Кызыл-Кыя ш-нын түш.-чыгыш четинде. 1930-ж. ачылган. Юра мезги­линде пайда болгон көмүрлүү катмардан турат. Глиеж кабаттары көмүр катмарынын үстүндө линза сымал тилкеленип жатат. Калыңдыгы 3–4 м, уз. 600–1500 м. Глиеж ачык ж-а кочкул кызыл, саргыч кызгылт, кызгылт көк түстө. Арасында кумдук, алевролит, конгломерат кездешет.