«КЫЗЫЛ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗЫЛ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ» – кыргыз тарыхчысы ж-а адабиятчысы Б. Солтоноевдин 2 китептен турган эмгеги. Араб графикасы м-н жа­зылган. 1895-ж. жаза баштап, 1934-ж. аякта­ган. Китеп жазууда автор В. Бартольд, В. Радлов, Н. Бичурин (Иакинф), Н. Аристов, Абу-л- Гази хан, К. Халид ж. б. белгилүү окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн ж-а Туманскийдин кол жаз­масы (к. Худуд ал-алам мин ал-Машрик ила-л- Магриб) ж. б. эмгектерди колдонгон. 1-ките­бинде кыргыздардын жашоо турмушу, адат-салты, дини, хунндар, динлиндер, усундар, түрк­төр, карлуктар, кара кытайлар ж. б. уруулар, Караханиддердин тарыхтагы орду, кыргыздын эл болушу, 14–16-к-дагы кыргыздар, Тагай бийдин тарыхы, оң-сол канаттын таралышы, кыргыздардын ичиндеги кээ бир уруулар (черик, коңу р ат, м о ңо л до р , ас ык ж. б.), Манап бийдин тарыхы, Енисей кыргыздары, Кытай кыргыздары, Жаңыл мырза, Эсенкул ж. б. кыргыз баатырла-

ры ж-дө, калмак чабуулу, Анжиянга сүрүлгөн кыргыздардын өз жерине келип орношу, кыргыз-казак ж-а кыргыз урууларынын ич ара мамилелери, Кокон хандыгынын тушундагы кыр­гыз тарыхы, Ормон хандын убагындагы окуя­лар ж. б. камтылган. 2-китебинде 1847-жылдардагы Кенесары хандын кыргыздарга жасаган чабуулу, сарыбагыш м-н бугулардын чабышы, кыргыздардын Россияга карашы, 1916-жыл­дагы көтөрүлүш, кыргыз адабияты, «Манас» эпосу, айрым манасчылар тууралуу кыскача маалыматтарды билдирет. «К. К. т.» – кыргыз тарыхын кеңири камтыган, кыргыз автору тара­бынан жазылган, кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек. Анда 1-жолу кыргыздарга тиешелүү маалыматтарга ил. жол м-н анализ жасалып, жыйынтык чыгарылган. «К. К. т.» 1993-ж. 1-жолу басмадан жарык көрүп, 2003-ж. кайрадан толукталып, «Кыргыз тарыхы» деген аталышта 1 китеп болуп басылып чыккан.