КЫЗЫЛ-КҮНГӨЙ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КҮНГӨЙ МӨҢГҮЛӨРҮ Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн Кызыл-Күнгөй суусунун алабындагы эки мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш К.-К. м.). Ч ы г ы ш ы – каптал тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 6,2 км2, көлөмү 0,1 км3; башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3820 м бийикте жатат; кар чегинин бийикт. 4400 м, абляциясынын аянты 2,1 км2. Б а т ы ш ы – өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,7 км, аянты 4,2 км2, көлөмү 0,1 км3. Башы деңиз деңг. 5120 м, этеги 3740 м бийикте жатат, кар чеги­нин бийикт. 4500 м, абляциясынын аянты 2,3 км2. Мөңгүлөрдөн Кызыл-Суунун сол куймасы – Кызыл-Күнгөй суусу башталат.