КЫЗЫЛ-КОРГОН 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КОРГОН – Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Кабак айыл округуна караштуу. Көкөмерен суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1530 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 55 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 230 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1000 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Китепкана, ФАП бар.