КЫЗЫЛ КАРЫШКЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ КАРЫШКЫР (Cuon alpinus) – карышкырлар тукумундагы жырткыч сүт эмүүчү. Дене уз. 100 смдей, куйругу 50 смге, салмагы 14–21 кгга жетет. Карышкырдан айырмасы астынкы жаагында азуу тиши жок. Өңү саргыч кызыл, боор жагы жонунан ачыгыраак. К. к. көбүнчө бийик тоо алкактарын мекендейт. Бир орунда турбастан, ооп жашаган жаныбар. Күндүз активдүү. Ири жаныбарлар м-н азыктанат.
Ал 1 жылда 1 жолу 3–9га че-

йин, көбүнчө 5тен бөлтүрүк тууйт. К. к. эң сейрек кездешүүчү жаныбар бо л г онд у к т а н, ТК ЭСтин ж-а К ырг-ндын Кызыл китебине катталган.