КЫЗЫЛ-ЖАР – СУЗАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЖАР – СУЗАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда, Жалал-Абад т. ж. бекетинен 12 км түш.-батышта, деңиз деңг. 860–940 м бийикте. 1958-ж. изилденген. Целестин бор мезгилинин дат ярусунда жайгашкан. Эки участкадан турат. Кызыл-Жар участкасында кенташ тулкусу кабат түрүндө 1150 мге, Сузак участкасында 2060 мге созулуп жатат. Целестин негизинен желвак сымал кездешет. Стронций оксидинин өлчөмү 2,38%тен 54,13%ке че­йин өзгөрөт. Целестин кенташта текши тара­ган эмес, 1 м3 массасынан алынган 64 кг концентратта стронций оксидинин өлчөмү 63,5%. Целестиндин запасы С1 категориясы б-ча 32,7 миң т.