КЫЗЫЛ-ЖАЗЫ КӨРҮСТӨНҮ
КЫЗЫЛ-ЖАЗЫ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5-к-на таандык хунндардын мүрзөлөрү. Токтогул рнундагы Артак тоосунун түш. капталында жайгашкан. 270 дөбө-мүрзөдөн турат, диаметри 7–14 м, бийикт. 0,8–1, 8 м. Маркумдардын сөөгү жалгыздан же экиден казанактуу көрлөргө коюлган. 1966-ж. 40 дөбө-мүрзөнү археолог Ы. Кожомбердиев казып ж-а изилдеген. Казуу учурунда ар түрдүү карапа идиш, темир кылыч, жебе, акак мончоктор табылган.