КЫЗЫЛ-ЖАЗЫ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЖАЗЫ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5-к-на таандык хунндардын мүрзөлөрү. Токтогул р­нундагы Артак тоосунун түш. капталында жайгашкан. 270 дөбө-мүрзөдөн турат, диаметри 7–14 м, бийикт. 0,8–1, 8 м. Маркумдардын сөөгү жалгыздан же экиден казанактуу көрлөргө ко­юлган. 1966-ж. 40 дөбө-мүрзөнү археолог Ы. Ко­жомбердиев казып ж-а изилдеген. Казуу учурун­да ар түрдүү карапа идиш, темир кылыч, жебе, акак мончоктор табылган.