«КЫЗЫЛ ГҮЛ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗЫЛ ГҮЛ» – кыргыз ад-тынын тарыхындагы алгачкы ыр жыйнак. 1927-ж. Москва ш-нда араб тамгасы м-н 3 миң нускада басылып чыккан. Жыйнакка А. Токомбаев, С. Карачев, М. Элебаев, Ж. Жамгырчиев, М. Токобаев ж. б. жазуучулардын ырлары, о. эле 1925-ж. К. Тыныстанов орусчадан которгон «Интерна­ционал» ж-а 1926-ж. К. Баялинов которгон М. Ю. Лермонтовдун «Үч курмасы» да кирген.