КЫЗЫЛ ГВАРДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ ГВА́РДИЯ – Октябрь рев-ясынын негизги сокку уруучу күчү, жумушчулардын куралдуу отряды. 1917-ж. мартта большевиктердин жетекчилиги м-н түзүлгөн. Октябрь рев-ясы жеңип чыккандан кийин К. г. бийликти жеңип алуу куралынан Совет респ-н коргоо ж-а бекемдөө куралына айланган. Түркстан АССР ЭКСтин 1917-ж. 24-ноябрда кабыл алган токто­мунун негизинде Түркстан крайынын шаарларында ж-а уезддеринде К. г. отряддарын уюш­туруу башталган. 1917-ж. 31-декабрда Бишкек ш-нда К. г. отряды уюшулуп, ага 200дөй адам мүчө болгон. О. эле Кызыл-Кыя, Токмок, Кара­кол ш-нда уюшулган. 1918-жылдын орто че­нинде Түркстан аймагында 11 миңден ашуун К. г-чылар болгон. Элдин оор абалын көрүп-билип туруп, ашык эгинин мамлекетке өткөрбөш үчүн жерге көмгөн, тамак-аштын баасын асмандаткан кулактардын ашык эгинин алып, кедейлерге таратып берүү чаралары көрүлгөн. Кырг­нда К. г-чылардын чечкиндүү аракеттеринин на­тыйжасында миңдеген пуд эгин даярдалып, дыйкандарга үрөн үчүн берилген. Бара-бара К. г-нын коомдук тартипти сактоо б-ча милдеттери ми­лиция органдарына өткөзүлүп, К. г. толугу м-н Кызыл Армияга кошулган.