КЫЗЫЛ-БУЛАК ЯШМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-БУЛАК Я́ШМА КЕНИ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Байбиче тоосунун түш. эте­гинде жайгашкан. Кен аймагында девон мезги­линдеги боз түстүү акиташ м-н сланец тоо тектери жатат. Арасында яшма катмары кездешет.
Калыңдыгы 10–50 м, уз. 0,5–4,0 кмге созулат.
Яшма жашыл боз түстө, темгилдүү, жакшы сайкалданат. Блоктордун өлчөмү 5x5 мге жетет. Жүк көтөрүмдүүлүгү жогору, суукка чыдамдуу. Болжолдуу запасы 60 миң м3. Ар кандай кооз буюмдарды жасоого болот.