КЫЗЫЛ-БЕЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-БЕЛ – Баткен р-нундагы кыштак. Кара-Бак айыл округуна караштуу. Баткен – Исфана автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 946 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен ш-нан 9 км түн.-батыш тарапта. Исфара т. ж. бекетинен (Тажикстан) 13 км. Кал­кы 3849 (2009); негизинен мал чарбасында эм­гектенип, өрүк белендешет.