КЫЗЫЛ АЯНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ АЯНТ – Москва ш-нын борб. аянты, батышынан Кремль м-н тутумдаш. Кремль дубалынын чыгыш бөлүгү мамл. дүр-дүйнө дүкөнү, Василий Блаженный храмы (Покров собору), мамл. тарых музейинин имараты м-н чектешет. 15-к-дын аягында курулуп, 17-к-дын 2-жарымы­нан Кызыл аянт деп (кооз) аталган. Алгач соода, 16-к-дан салтанаттуу шаан-шөкөт өткөрүлүүчү жай болгон. К. а-тын арх-ралык ансам­блинин калыптанышында Кремль дубалы м-н Спас, Сенат, Никола мунараларынын ж-а 1555– 60-ж. зодчийлер Барма м-н Постник салган Ва силий Блаженный чиркөөсүнүн ролу зор. 17-к­дын аягында К. а-та бир катар адм. имарат:

1697-ж. Монета сарайы, 1699-ж. Земский приказ, кийин Башкы аптека салынган. Мында 18- к-дын башында маданий мекемелер топтоло баштаган. Спас дарбазасында китеп соодасы, Никола дарбазасында театр, 1755-ж. Башкы аптеканын имаратында Москва ун-ти ж. б. ачылган. 1818-ж. К. Минин м-н Д. Пожарский­ге эстелик тургузулган (скульптор И. П. Матрос). 19-к-дын акыркы чейрегинде К. а-та тарых музейи, мамл. дүр-дүйнө дүкөндүн имараты тургузулган. К. а. орус тарыхындагы көптөгөн окуялардын аренасы болуп, Москвадагы «Туз козголоңу» (1648). «Жез козголоңу» (1662), Аткычтар көтөрүлүшү (1682) чыккан. 1924– 30-ж. арх. А. В. Щусевдин жетекчилиги м-н В. И. Лениндин мавзолейи салынган. Мавзолей мурда жыгачтан, 1929–30-ж. таштан салынган. 1930–31-ж. К. а. брусчатка м-н жабылып, трибуналар (арх. И. А. Француз) жасалып, Кремль дубалын бойлото карагай отургузулган. 1992–94-ж. К. а-тагы Казан собору калыбына келтирилген (1636-ж. салынып, 1936-ж. бузулган). Кремль дубалынын жанына мүрзөлөр жайга­шып, эң көрүнүктүү мамл. ишмерлердин сөөк­төрү, дубалына сөөк күлдөрү коюлган, мында эл аралык жумушчу кыймылынын кээ бир ишмерлеринин сөөктөрү да бар. К. а-та аскер па­раддары, демонстрациялар, митингдер өтөт. Москвадан чыккан бардык шосселер К. а-тан баштап эсептелет.