КЫЗЫЛ-АЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-АЛМА – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1450 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 46 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекети­нен 39 км. Кыштак 1994-ж. жер көчкүдөн жапа чегип, калктын 40%ке жакыны түзөң жерге көчүрүлгөн. Учурда (2012-ж.) 400дөй киши жашайт; негизинен кыргыздар. Жери тоолуу ж-а токойлуу келип, мал багууга ыңгайлуу.