КЫЗЫЛ-АЛАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-АЛАЙ – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак. Үч-Дөбө айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 2833 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыш-нан 80 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 168 км. Калкы 1022дей (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.