КЫЗ УЗАТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗ УЗАТУУ – үйлөнүү тоюнун салттуу көрүнүштөрүнүн бири. К. у. кыздын айылында өткөрүлөт. Болжошкон күнү кудалар бүлөсүн алып кетиш үчүн кыздын ата-энесиникине келген. Күйөө тарап камчы же белиндеги курун мойнуна салып: «Кулдугубуз бар, кудалар»,– деп, башын ийип, колун бооруна алып, кулдук урат. Кыз тараптын «кулдугуңар Кудайга» деген алкоосунан кийин келген кудалар атайы даярдал­ган конок үйгө, жоро-жолдоштору м-н бир аз артта кирген күйөө бала өзүнчө көтөрүлгөн ак өргөөгө киргизилип, сый көрүшөт. Ак өргөөдө кыз оюну өткөрүлгөн соң, жеңелери кыздын чачын экиге бөлүп өрүп, даярдалган сөйкө, жел­бирөөч, бой тумар, шакек, билерик, чач кап, учтук кооздуктарын тагып, шөкүлөсүн кийгизип, атайын жабдылган, жасалгалуу атка мин­гизет. Узар алдында кыз төркүнү м-н коштошуу ырын айткан. Энеси кызынын жакшы сапаттарын кошокко кошкон. Коштошуу салттуу коомдун демейки көрүнүшү болуп эсептелген, анткени кыз өз ата-энеси, уругу м-н биротоло коштошкон. «Чыккан кыз чийден сырткары», «Кыз башка элдин кишиси» деген сөздөрдө кыздын коомдогу статусу даана берилген. Кыз төркүнүнө чанда гана конок болуп келе алган, төркүнүнүн ички иштерине кийлигишүүгө укуксуз болгон.

Ы. Кадыров.