КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР – сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албаган, бирок сөз же сүйлөмдү байланыштырууда же ар кандай кошумча маа­нини билдирүүдө колдонулган сөздөр. Алар өз алдынча турганда мааниге ээ эмес ж-а сүйлөм мүчөлөрү да боло алышпайт. Буларга байлам­талар, жандоочтор, бөлүкчөлөр ж-а модалдык сөздөр кирет. К. с. толук маанилүү (негизги) сөздөрдүн семантикалык, граммат. (синтаксис­тик) жактан олуттуу өзгөрүүгө учурап, бир нече белгилери б-ча сөз мүчөсүнө жакындашып кетишинен пайда болот.