КЫЗ КУУМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗ КУУМАЙ – улуттук оюн, ат спортунун бир түрү. Оюн түз талаада же ат майданында өткөрүлүп, ага курбалдаш кыз, жигит катышат. Оюнду жигит старт тилкесинен, кыз 25-30 м алдыда баштоого тийиш. Жигит кызды 150- 200 м аралыкта кууп жетсе, чаап бара жатып, ат үстүнөн артылып, кызды өбүүгө акылуу. Кызды кууп жетпеген жигит жеңилет, кайра тарткан жолдо кыз жигитти кууп, жигит кыздан жаза алат. Оюнга катышуучулар бирине бири тоскоол болууга, жолдон кесип өтүүгө, экинчи­нин атын камчы м-н чабууга, омуроолотууга ж. б. тыюу салынат. Катышуучулар улуттук кийим кийип, аты алдын ала тапталат. Кыргызда ар кандай аш-тойлор, салтанаттар К. к­сыз өткөн эмес. Кийин улуттук спорттун түрү катары кабыл алынып, эрежелери иштелип чыккан ж-а бир системага келтирилген. К. к. б-ча спорттук 3 разряд белгиленген.