КЫДЫРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРАЛЫ Кайназар уулу (1850, Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну – 1920, ошол эле жер) – манасчы, төкмө ырчы. К. жаштайынан эле ыр, өлөң, түрдүү эпосторду айтууга шыктуу өнөрү м-н таанымал болгон. Манасчы Талас, Кетмен-Төбө, Жалал-Абад, Алай, Ош, Анжиян, Ташкент, Бадакшан, Коженттеги, ырчы, өлөңчү, ко­шокчуларга жолугуп, алар м-н айтышып, «Ма­нас» айтып элге таанылган. К-нын «Манастын Борканга калаа курдурганы», «Манастын зил­дей (чоң, оор) ташты көтөргөнү», «Манастын Мардигилең алп менен алышканы», «Манастын Боркандан Айгандын канын айдап чыкканы», «Айгандын канынын кызы Алтынай сулуунун Манаска ашык болушу» деген Манастын өзүнчө үлгүлөрүн айтканы гана белгилүү. К. «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж-а бир нече кенже эпосторду, көптөгөн элдик ырларды айткан. К-дан жазылган «Манас» варианты КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.