КЫДЫРАЛИЕВА Камила Асылбекона
КЫДЫРАЛИЕВА Камила Асылбековна (1962- ж. т., Чүй обл., Токмок ш.) – химия илимд. доктору (2005), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (2006). КМУну бүтүргөн (1985), КМУда улук инженер (1985–88), лабор. башчысы (1988-90), окутуучу, улук окутуучу (1990-96), 1996-жылдан КР УИАнын Химия ж-а хим. технология ин-тунда улук ил. кызматкер. Орг. ж-а физ. химия б-ча адис. 43 ил. эмгеги бар. Ил. эмгектери фермент-ингибитор системасындагы металл иондору, микроорганизмдердин таасиринен топурактагы гумус заттарынын трансформациясына ж. б. арналган.