КХУЛНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КХУ́ЛНА – Бангладештин түш.-батышындагы шаар. Ганг д-нын салаасында жайгашкан порт. Кхулна обл-нун адм. борбору. Калкы 1,4 млн (2009). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Негиздел­ген мезгили белгисиз. 1884-жылдан шаар ста­тусуна ээ. Ун-ттер (а. и. инженер-технол.), ар­хеол. музей, облустук театр (1900; өлкөдөгү ал­гачкы) бар. Бангладештин ири экон. борбору. Жут, кебез-кездеме, кагаз, тамак-аш, металл иштетүү ө. ж. ишканалары, дарыя верфи иш­тейт. Муз тоңдурулат. Бир нече ЖЭС бар.