КХМЕРЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КХМЕРЛЕР (өздөрүн к х м е р же к х м а э деп аташат) – эл, Камбожанын негизги калкы. Саны 13,4 млн киши (2008). Түн. ж-а Түш.-Чыгыш Таиландда (1,4 млн), Түш. Вьетнамда (1,2 млн) ж-а Лаосто (5 миң), о. эле АКШда (189,5 миң) да жашашат. Кхмер тилинде сүйлөшөт. Дини–буддизм. Кхмер эли б. з. башында көп сандаган

Салттуу кхмер бийи. Ангкор.

кхмер урууларыныниндонезиялык уруулар м-н аралашуусунан, коңшу өлкөлөрдүн (айрыкча Индия) мад-тынын таасиринде калыптанган. Бирок тоолук К. бул процесске дуушар болгон эмес. К. түш. монголоиддерге кирет, бирок аларда ведд-австралоиддик белгилер да бар. К-де уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка не­гизделип түзүлгөн байыркы уруу коомунун сар­кындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аял­дар үстөмдүк кылат. К. дыйканчылык, мал чар­бачылык м-н кесиптенишип, каркастуу, сваялуу үйлөрдө жашашкан. Салттык кийими саронг деп аталат. К. (аял, эркек) чачтарын кыска кырктырышат. Тамак-ашы – негизинен күрүч, балык, майрам күндөрү эт, о. эле таш бака, чегиртке, бака.