КХАСИ
КХА́СИ – Түн.-Чыгыш Индияда (Мегхалая, Ассам штаттары) ж-а Бангладештин коңшу аймактарында жашаган эл. Негизинен Кхаси ж-а Жайнтия тоолорунда жашайт. Саны Индияда 1,3 млн, а. и. Бангладеште 80 миң, Мегхалая штатында 1,25 млн киши (2009). К. өз алдынча пнар же синтенг, бхои, вар, лингнам ж. б. топторго бөлүнөт. Кхаси тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү протестанттар, башка дин туткандары да бар. К-де уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн,

байыркы уруу коомунун саркындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аялдар үстөмдүк кылат. Үй мүлкү кичүү кызына мурасталат. К-лер дыйканчылык, тоо аймактарында канаттууларды багуучулук ж-а балчылык м-н кесиптенишип, дубалы бамбуктан тургузулуп, ылай м-н шыбалган, үстү саман м-н жабылган үйлөрдө жашаган. Аялдар тигилбеген юбка ж-а күрмө же жамынма жамынып, башына металл таажы киет. Аялдар да, эркектер да кооздуктарды тагынышат. Эркектер көйнөк, күрмө ж-а ыштан кийип, башына селде оронушат. Тамак-ашы негизинен күрүч, эт, балык. Суусундук катары чай ж-а күрүчтөн даярдалган пивону кеңири колдонушат.