КҮЧҮКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЧҮКОВ Махмут Мамаевич [3. 3. 1945-ж. т., Ысык- Көл обл., Пржевальск (азыркы Каракол) ш.] – тарых илимд. доктору (2003). КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (2002). Мамл. кызматтын 2-класс­тагы мамл. кеңешчиси (2001). 1974-ж. КМУну бүткөн. 1960–74-ж. Фрунзе ш-ндагы

Ленин атн. з-ддо жумушчу, Пржевальск, Красная Речка автобазаларында айдоочу болуп иштеген. 1974–86-ж. КМУнун тарых ф-тинде лаборант, окутуучу, доцент, 1986–91-ж. декан, 1991–93-ж. КМУда профсоюз к-тинин төрагасы, 1993–2000-ж. окуу иштери б-ча проректор, 1-проректор, 2006–08-ж. КМДТИнин ректору, 2008-жылдан КУУда Үзгүлтүксүз билим берүү ж-а квали­фикацияны жогорулатуу борборунун директору. КР Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–05). 40тан ашык ил. эмгектин (а. и. 2 монография) автору.


Эмг.: Становление Жогорку Кеңеша (парламента) 1990–2000 гг. Б., 2003.