КҮЧҮК-КАЙНАРЖЫ ТЫНЧТЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЧҮК-КАЙНАРЖЫ ТЫНЧТЫГЫ (1774) – Россия ж-а Түркиянын ортосундагы тынчтык кели­шим. 1768–74-жылдардагы орус-түрк согушунда Россиянын жеңишинин натыйжасында Ду­найдын жээгиндеги Күчүк-Кайнаржы кыш-нда 1774-ж. 10 (21)-июлда түзүлгөн. К.-К. т. б-ча Крым хандыгы Осмон империясынан бөлүнгөн, Кичи ж-а Чоң Кабарда Россияда калган, Азов, Керчь, Еникале, Кинбурн чептери Россиянын карамагына өткөн. Орустун соода кемелери Кара деңизде эркин сүзүүгө, Кара деңиз кысыктары (Босфор, Дарданелл) аркылуу Жер Ортолук деңизине чыгууга укук алган. Ал эми Молдавия м-н Валахия княздыктары иш жүзүндө Россиянын протектораты болуп калган. К.-К. т. орустар үчүн түш. чек араны бекемдөөгө, Кара деңизде сооданы өнүктүрүүгө, Балкан ж-а Кавказ элдеринин түрк эзүүсүнөн бошонуу күрөшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн.