КҮЧ ИМПУЛЬСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЧ ИМПУЛЬСУ – күчтүн кандайдыр аз убакыттын ичинде нерсеге кылган аракетинин чени (өлчөмү). Күчтүн орт. маанисин (Fорт.) күч ара­кеттенген убакытка (t) көбөйтүлгөн көбөйтүндүсүнө барабар, б. а. S=Fорт.––t. К. и-нун бирдиги катары бир секунда ичинде 1Н туруктуу күчтүн аракетинин натыйжасында пайда болгон импульс алынат. К. и-нун бирдиги катары ньютон.секунда алынат. К. и. – вектордук чоңдук ж-а анын багыты күчтүн (Fорт.) багытына дал келет, (t) убакыт аралыгындагы К. и-нун так мааниси S= f oFdt. интегралы м-н аныкталат. К. и-нун чоңдугу кыймыл санынын ошол им пу льс ал ынган убакыт ичинде болгон өзгөрүшүнө S=mu1-mu2 барабар, мында mu1, mu2 -чекиттин убакыт башындагы ж-а акырындагы кыймыл саны. К. и. механикада, мис., согуу теориясында кеңири колдонулат.